Пример HTML-страницы

Ош шаардык милициясынын 2 кызматкери ИИМдин самбо боюнча чемпионатында коло байге утту

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин самбо боюнча чемпионатында 3-орунду камсыздады. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү Урматбек Узаков жана Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Рустам Акматов өз салмактык категориясында 3-орунду алып, коло медаль тагынды.

Спорттук иш-чара 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн июнь коогалаӊы учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналып уюштурулду. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан спортчу милиционерлер, жалпы 15 команда келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE