Пример HTML-страницы

Ош—Гүлчө каттамындагы жол акы кымбаттады. Айдоочулар себебин түшүндүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Гүлчө каттамындагы жол акы 50 сомго кымбаттады. Айдоочулар мунун себебин бензиндин кымбатташы жана жолдун тайгак болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Аталган багыт боюнча жүргүнчү ташып иштеген Нурбек Бегалиевдин айтымында, буга чейин жол акысы 200 сом болсо, кыш келип, жол тоң болгондуктан 250 сомго чейин көтөрүлдү.

«Жолубуз жакшы эле. Кыштын күнү бир аз кыйналабыз. Азыркыдай мезгилде жол тейлөөчүлөр жолду карабагандыктан Чыйырчык ашуусунда кечээги суукта жолдо 3 сааттан 6 саатка чейин туруп калдык. Мындан улам жол акыны көтөргөнгө туура келди. Негизи тапкан кирешебиз күнүмдүк жашообузга жетет.

Жолдо узак жүрүп калсак, кайра өзүбүз жаман көрүнүп калабыз, жүргүнчүлөрдөн уруш уккан күнүбүз дагы болот. Жолдо бара жатканда жоопкерчиликтүү болуш керек. Унааңдын ичинде канча кардар отурса, ошол адамдардын өмүрү сенин колуңда экенин унутпашың керек. Ошондой эле ар бирине сылык мамиле жасоого туура келет», — деди Нурбек Бегалиев

Ал эми Ош—Бишкек каттамындагы жол акы 1500 сомдон баштап 2500 сомго чейин болуп жатат. Жеңил унаалар 2500 сом, ал 7 орундуу унааларда жол акы 1500 сомдон болууда. Айдоочулардын айтымында, кыш мезгилинде жүргүнчүлөрдүн саны азайып, жаз мезгилинен баштап көбөйөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE