Пример HTML-страницы

«Ош» эл аралык аэропортундагы айрым кызматкерлер нааразычылык акциясына чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 17-майда «Ош» эл аралык аэропортунун бир нече кызматкери жетекчиликке нааразы болуп, аэропорттун астына чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алардын айтымында, аэропорттун жетекчилиги аларга кысым көрсөтүп жатат. Нааразы болгондордун бири Жылдыз Токторбаева аэропорттун өндүрүштүк-диспетчердик кызматында иштейт. Ал эмнеге нааразы болуп жатышканын түшүндүрдү.

«Кысым болуп жатат. Бул бир күндүк же эки күндүк нерсе эмес. Аэропортто өндүрүштүк-диспетчердик кызмат бар. Бул эң маанилүү көзөмөлдөөчү кызмат болуп саналат. Биз аэропорттогу бүт жумушту координациялап, ыкчам иштерди аткаруучу, жадыбалдарды түзүүчү, учкучтар менен түз эфирге чыгуучу кызматта иштейбиз. Жетекчилик жумуш ордубузду бошотуу негизинде кысым кылып жатат. Анткени алар башка кызматтарга кое турган кадрларын коюп, ала тургандарын алып, жумуштан кетире турагандарын кетирип бүттү. Биздин кызматтын башчысын жумуштан кетирүүгө аракет жасады. Эки жолу катары менен сөгүш берди. Жаңы жылда берилүүчү сый акыдан ажыратып коюшту», — деди Токторбаева.

Алар диспетчерлерди даярдоо оор жумуш экенин, бирок жаңы жетекчилик аларды куугунтуктап жатканын кошумчалашты.

Нааразы болгон кызматкерлер журналисттердин коштоосунда жетекчилик менен жыйын өткөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE