Пример HTML-страницы

Нурпейил Самарбекова тоюнда тартылган видеодон кийин алкоого арзып, «Хюррем келин» атка конду

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жаштагы Нурпейил Самарбекова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кантип «Хюррем келин» аталып калганын айтып берди.

Нурпейил Самарбекова Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окутуучу болуп эмгектенет. Анын оркестрдин коштоосундагы видеосу мындан бир нече күн мурун социалдык тармакта тарап, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзыды. Видео жолдошу экөөнүн үйлөнүү тоюнда ресторанда тартылган. Анда үлпөт көйнөк кийген келин ансамблге дирижёрлук кылып жатканын көрүүгө болот.

Каарманыбыздын айтымында, ата-энеси анын маданият адамы болуусун каалаган эмес.

«Өзүм Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кичи Ак-Жол айылынын тургуну болом. Айылдагы карапайым үй-бүлөнүн кызымын, ата-энем жумушчу. Мектепте окуп жүргөн учурда математика сабагына кызыгуум күчөп, финансы тармагына тапшыруу планым бар эле. Бирок ошол кезде эле эсеп чыгаруудан тажаганда комуз күүлөрүн угуп, эс алчумун. 2011-жылы мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине финансы-кредит адистигине тапшырдым. Бир жыл окуган соң, тактап айтканда 2013-жылы өз кызыгуум менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамекеттик искусство жана маданият университетине тапшырдым. Маданият тармагында эмгектенүү бала кезимдеги кыялым болуп келген. Бирок бул тармакка ыкташыма ата-энем каршылык билдирип келчү. Ошондуктан искусство факультетинде окуп жүрүп, 2-курсту аяктаганга чейин үй-бүлөмө билдирген эмесмин. Бирок кийинчерээк ата-энемден жеме уккам.

Маданият, музыка, комуз күүлөрү бул менин генимде бар десем жаңылышпайм. Себеби ата журтумдагылар комуз чертип ырдап, айылда таанымал кишилер, анан калса таанымал элдик аткаруучу Ниязалы Борошевдин урпагынан болом. Айтор, мен да маданият жаатына кеттим. Кийинчерээк менин чечимимди ата-энем туура кабыл алып, колдоого алышты», — деди ал.

Нурпейил Самарбекова 4-курста окуп жаткан учурда ансамбль түзүп, бир катар ийгиликтерди багындырганын айтат.

«Биздин айылдын эли ырчылык өнөрдү баалагандыктан, фонаграмма менен ырдаган ырчыларды анчейин баалайт бербейт. Мындан улам 4-курста окуп жатканда, 2017-жылы айылга келип, элдин баарын топтоп, жандуу концерт берем деген максат менен университеттеги таланттуу кыздар-балдардан куралган «Алтын Нур» аталышындагы ансамбль түптөгөм. Бүгүнкү күндө топтун 15 мүчөсү бар. Биз түзүлгөн 5-6 жылдын аралыгында айылга келип, максатымды иш жүзүнө ашырган жокпуз. Бирок бир катар эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды камсыздоого жетиштик. Тилегим ишке ашат деген ниеттемин.

Жогорку окуу жайды 2018-жылы аяктап, ошол эле жылы Россия Федерациясынын Барнаул шаарына билимимди тереңдетүү үчүн кеттим. Ал жактан 2020-жылы келип, өзүм билим алган Б.Бейшеналиева атындагы окуу жайга окутуучу болуп жумушка орношуп, ушул кезге чейин иштеп келе жатам», — деди ал.

«Хюррем келин» аткан конгон Нурпейил мындай болорун күтпөгөнүн айтат.

«Аксынын Авлетим айыл аймагына келин болдум. Той күнү дрижёрлук кылуу планым деле жок болчу. Тоюма борбордон ансамблдин мүчөлөрү конок катары келишкен. Алар жөн гана той башталганча чоң залда оркестрдин коштоосунда чыгармаларды аткарып, элге жакшы маанай тартуулап турган болчу. Той ортолоп калганда жолдошум бир чыгарманы топ менен бирге аткарып берүүмдү айтты. Коноктордун суранычы менен той көйнөгүм менен ортого чыгып, ансамбль менен күтүүсүз жерден эле «Даңазалуу доор» тасмасынын саундтрегин ойноп калдык. Бул чыгарманы келген коноктор абдан жакшы кабыл алып, коштоп турушту. Ошондо коноктор видеого тартып жатышкан, эртеси күнү соцтармакта «Хюррем келин» болуп кетиптирмин. Негизи жолдошум да маданият адамы болгондуктан мени туура түшүнүп, ар тараптан колдоп турат. Буюрса топ менен бирге кышы бою эл аралык сынактарга даярдануу планыбыз бар», — деди ал.

Нурпейил Самарбекова 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE