Пример HTML-страницы

Ноокат районунда окуучулары олимпиадада ийгилик жараткан мугалимдер чет өлкөгө саякаттоого жолдомо алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунда предметтик олимпиаданын райондук туруна катышып, окуучулары облустук турга жолдомо алган 36 мугалимге Өзбекстандын Ташкент шаарына 3 күндүк саякатка жолдомо берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул аракеттер мугалимдерде колдоо көрсөтүү жана шыктандыруу максатында уюштурулду. Эгер аталган мугалимдердин окуучулары облустук этаптан республикалык этапка жолдомо алса аларга курорт, санаторияларга эс алууга жолдомолор, баалуу белектер берилет. Ал эми республикалык этапта байгелүү 1-2-3-орунду жана 4-орунду алган окуучулардын мугалимдерине Анталияга эс алууга жолдомо берилет.

2023-жылдын 19-20-январында мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиаданын райондук баскычы болуп, анда 300дөн ашуун окуучу катышты. Жыйынтыгында 40 окуучу олимпиаданын облустук этабына жолдомо алышкан. Анын ичинен 4 мугалимдин 2ден окуучусу облуска жолдомо алган. Облустук этапка жалпысынан олимпиадага катышкан 18 мектептин окуучулары өткөн болсо, 12 окуучу Ноокат билимканасы жатак-лицейинен, 6 окуучу Крупская атындагы орто мектебинен, 4 окуучу М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак-гимназиясынан болсо, калган 15 мектептен бирден, экиден окуучулар жолдомо алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE