Пример HTML-страницы

Нарындык сулуу Айгүлдү «Кара сүйүү» сериалындагы Ниханга окшоштургандар арбын

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун 19 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айгүлдү Түркиянын белгилүү актрисасы Неслихан Атагюльго окшоштурушат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсүмүн, 1 уул жана 6 кызбыз. Быйыл педагогикалык колледжди аяктадым. Жаңы окуу жылынан баштап, мектепте мугалим болуп иштөө ниетим бар. Буюрса өз ишимди майын чыгарып аткарган кызматкердин катарын толуктагым келет. Келечек муунга татыктуу тарбия берүү аркылуу кыргыз элине кызмат кылууну көздөп жатам.

Заман талабына ылайык, мен да ТикТок социалдык тармагынан өзүмдүн жеке баракчамды ачкам. Ал жакка ар кандай видеолорумду жүктөп турам. Ошол видеолордун астына мени түрк актрисасы Неслихан Атагюльгө окшоштуруп, комментарий жазышат. Бирок социалдык тармактарда гана эмес, көчөдө кетип баратканда да, «Кара сүйүү» (Чёрная любовь) сериалындагы Нихан го» дешип, мени менен сүрөткө түшүшөт. Негизи Ниханга эмес, чоң энеме аябай окшошмун», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE