Пример HTML-страницы

Нарында тергөөчүлөрдүн кесиптик күнү белгиленип, спорттук оюндар уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгына карата иш-чара уюштурулуп, анда өзүнүн кесибинде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган айрым кызматкерлер сыйланышты. Андан соң, 15 жылдан ашык тергөө кызматында иштеген Күнболот Касмалиевдин жаркын элесине карата спорттук иш-чара өткөрүлүп, ага шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө кызматынын кызматкерлери футбол боюнча, ал эми Нарын ОИИБдин башка бөлүмдөрү волейбол оюну боюнча күч сынашты.

Оюндун жыйынтыгы менен 1-орунду Кочкор РИИБи, 2-орунду Нарын ОИИБдин борбордук аппараты жана 3-орунду Жумгал райондук ички иштер бөлүмү ээлешти.

Жеңүүчү топторго кубок, диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан сырткары, мыкты оюнчуларга номинациялар ыйгарылды.

Мындай иш-чара өздүк курам арасындагы биримдикти, ынтымакты, достукту бекемдөө максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE