Пример HTML-страницы

Нарында сержант Нурсултан Жаныбековду акыркы сапарга узатышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-сентябрда Нарын районунда чек арадагы куралдуу жаңжалда каза тапкан Нурсултан Жаныбековдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Н.Жаныбеков 1995-жылдын 25-июлунда Нарын районунун Оттук айылында жарык дүйнөгө келген.

2011-жылы Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде 9-классты аяктап, Агрардык-экономикалык колледжинде окуган.

2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган.

2015-жылдын 7-апрелинде мөөнөттүү кызматын аяктап, ошол эле жылдын декабрь айында Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө аскердик кызматка кирген.

Кызмат учурунда «Көк-Айгыр» чек ара кызматынын улук аткычы, «Көк-Айгыр» чек ара кызмат бөлүмүнүн улук кавалерист-улук аткычы, «Бөрү» атайын даярдалган отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп эмгектенген.

2022-жылдын 23-мартында №2054 аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген.

Сержант Нурсултан Жаныбековдун мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу.

Кыргыз-тажик чек арасында өз милдетин аткарып жатып каза болгон аскер кызматкерлердин төртөө Нарын облусунун тургундары болгону маалымдалган.

Каза болгондор:

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын кулуну, улук лейтенант Жекшенбеков Апсамат Жекшенбекович;

Нарын районунун Эчки-Башы айылынын кулуну, улук лейтенант Алмаз уулу Бейкут;

Нарын районунун Оттук айылынын кулуну, улук сержант Жаныбеков Нурсултан Жаныбекович;

Нарын районунун Куланак айылынын кулуну, катардагы жоокер Какеев Мирлан Эсенгулович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE