Пример HTML-страницы

Нарында 7 жаштагы кыз мектептен чыккандан кийин өлтүрүлгөн. Анын жансыз денеси ээн үйдөн табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда окуучу кызды өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну А.к.Н. Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кызы — 2016-жылы туулган Ж.А.Ж. мектебинен саат 15:30 чамасында сабактан чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган. Ушул эле күнү аталган факты Нарын РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуянын жагдайлары аныкталды.

Ж.А.Ж. Нарын районунун Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып келип окуп жүргөн. 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 12:00 чамасында өзү жалгыз мектепке окуганы кетип, кайра саат 15:30 сабактан чыгып, болжол менен 17:00-17:30 аралыгында үйүнө келбей калгандыктан, апасы Н.А.К. милицияга билдирип жана айылдыктардын WhatsApp тайпасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган.

Айылдын эли чогулуп, издөө иштерин уюштуруп издеп жүрүп, болжол менен саат 22:10 чамасында Ж.А.Ж.нын жансыз денеси Нарын районунун Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну — 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу жаран мас абалында кармалган.

Аталган факт Нарын РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү Ш.Х. Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE