Пример HTML-страницы

Нарын шаарында «кара алтын» канча сомдон сатылып жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында бир тонна көмүр 5000 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарында 13 жерде көмүр кампалары уюштурулган. Учурда Кара-Кече көмүр кесиминен алынып келген «кара алтындын» тоннасы 5000-5500 сомго чейин сатылса, мүшөгү 250 сомдон бааланууда.

Нарын шаарынын жашоочуларына жалпы 9 миң тонна керектелет. Октябрь айынын ортосунда жеке ишкерлер көмүрдүн тоннасын 6 миң сомго чейин сатып келишкен болчу.

Учурда калктын аялуу катмарын арзан отун менен камсыздоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин Кочкор районунда көмүрдүн 1 тоннасы 4500-5000 сомдон сатылып жатканы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE