Пример HTML-страницы

Нарын облусунда бир жума ичинде мас абалында унаа башкарган 12 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу багытында рейддик иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-октябрынан тартып 30-октябрына чейин облус аймагында жол эрежелерин бузган 585 айдоочу аныкталган. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 12 айдоочу кармалып, 35 автоунаа айып короого токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинде ылдамдыкта ашырып айдаган 159, жол белгилерине баш ийбеген 196, автоунааларын документтери жок башкаруу 12, техникалык каттоодон өтпөгөн 6, автоунааларына кошумча жабдык орнотуп алган 2, укук коргоо органын кызматкерлеринин токтотуу талабына баш ийбеген 1 айдоочу жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 3 жүргүнчү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE