Пример HTML-страницы

Н.Момункулова эски эмеректерди жаңы буюмга айлантат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Тамчы айылынын 35 жаштагы тургуну Нази Момункулова кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Тамчы айылында төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгом. Мектепти аяктаган соң Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине баргам. Ал жакта дизайнер адистигине ээ болдум. Кийинчерээк турмуш жолуна аттанып, балдарым төрөлүп, үйдө отуруп калдым. Убактымды текке кетирбейин деп, кол өнөрчүлүк менен алектене баштадым. Майда бисерден ар түрдүү буюмдарды жасайм. Бисерден бир жасалганы көлөмүнө жараша 3-4 саатта бүтөм. Убакытты алып, тактыкты талап кылган жумуш болгондуктан чыдамкайлык жана көңүл керек. Буюмдардын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөп, ошол аркылуу сатам. Ошондой эле тааныштар алат. Баалары 300 сомдон 2000 сомго чейин болот. Кол өнөрчүлүккө ылайыктуу буюмдарды Кытайдын сайтынан буюртма кылып алам. Ал жактан 1 ай ичинде келет. Мындан сырткары «Мадина» базарына да көп каттайм», — деди ал.

Каарманыбыз кардары менен болгон эстен кеткис окуясын айтып берди.

«Күндөрдүн биринде бейтааныш аял бисерден жасалган 7 даана сөйкөгө буюртма берди. Сөйкөнү кичинекей кыздар маданий иш-чарага тагынмак экен. 7 даана сөйкөнү жасап бүтүп, кардарга тапшырып жатсам, «Мен 17 даана сөйкөгө буюртма берген болчумун» деп таң калтырды. Көрсө мага жөнөткөн билдирүүдө 1 деген санды жазбай калыптыр. 2 күндүн ичинде шашып жатып, араң 10 даана сөйкөнү жасап бергем. Сөйкө жасап, көп отурганыма байланыштуу белим ооруп, көзүм ачышып, абдан кыйналып кеткем. Бирок эстен кеткис күн болуп калды», — деди ал.

Анын айтымында, алдыда кол өнөрчүлүк жаатында өзүн өнүктүрүүнү каалайт.

«Жолдошум экөөбүз кээ бирде эски эмеректерди сатып алып, оңдоп-түзөп, үйүбүзгө коюп алабыз. Менин жасап жаткан иштериме жолдошум ар дайым колдоо көрсөтүп турат. Мен ага чексиз ыраазымын.

Уулум менен кызым чоңоюп, убактым көбөйө баштады. Өзүмдү кол өнөрчүлүк жаатында мындан да өнүктүрүп, жаңы нерселерди ойлоп тапкым келет. Чыгармачыл адамдар оюна келген нерсесин жасап көрүүнү каалайт экен. Алдыга койгон максаттарым өтө көп», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE