Пример HTML-страницы

Мырзаларды ойго салган махр маселеси Ысык-Көлдө кандай каралат?

Акыркы жанылыктар

TurmushИслам дининде жаңы үй-бүлө куруп жаткан мырза болочоктогу келинчегине никелешүү алдында махр берүүсү эл арасында талкууга алынды. Бул боюнча Ысык-Көл облусунда жашаган кыз-келиндерден аймактык кабарчы маалымат топтоду.

Алардын бири Түп айылынын 1995-жылкы тургуну Айгерим Алмазбек кызы тартууга жолдошунан темир тулпар белекке алганын белгиледи.

«Жолдошум экөөбүз 2015-жылы баш кошконбуз. Бүгүнкү күндө 2 кыз жана 1 эркектин апасымын. Алгач үй-бүлө куруп жатканда, молдо нике кыйган учурда махр тууралуу айткан эмес эле. Өзүм жоолукчан болгондуктан кыздын ыраазычылыгы жана анын акысы жөнүндө билчүмүн. Кийинчерээк мага жолдошум «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны белек кылды. Мен темир тулпарды махр катары кабыл алдым. Негизи махр сөзсүз түрдө берилиш керек. Анткени турмушка чыгып жаткан кыздар өзүн күйөөсүнө арнайт эмеспи», — деди ал.

Ушул жылы үй-бүлө курган Рабакан Бакыт кызы нике кыюу алдында жолдошунан махрга эмне сураганын айтып берди.

«Менде махр боюнча түшүнүк деле жок болчу. Нике кыйып жатканда, молдо: «Жолдошуңуздан махрга эмне алгыңыз келет?» деп суроо узатканда, бир топко жооп бере албай туруп калдым. Анан ал менин бул боюнча маалыматым жок экендигин байкадыбы, айтор махрдын эрежелерин жолдошума жана күбөлөргө жакшылап түшүндүрүп берди. Ошол эле учурда кыз махрга канчалык аз сураса, никеси ошончолук берекелүү болорун белгилеп кетти. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, жолдошумду да ойлоп (күлүп) 15 миң сом гана сурадым. Ал молдо жана күбөлөрдүн алдында 15 миң сомду 3 ай аралыгында берүүгө убада кылды. Негизи ар бир кыз турмуш жолуна аттанарда бактылуу болууну гана самашат эмеспи. Ал эми бактылуулук акчада, кымбат баалуу буюмда эмес деп ойлойм. Жубайлардын ортосунда эң негизгиси сый, сүйүү, түшүнүү жана камкордук болушу шарт», — деди ал.

Күрмөнтү айылынын 38 жаштагы тургуну Айнура Муратбекова үй-бүлө курганда, махр тууралуу ойлонбогонун билдирди.

«Мен мектепти аяктап, бир жылдан кийин эле турмуш жолуна аттангам. Чынын айтканда, мени ала качып кетишкен. Ал кезде босогону аттап кетүү деген жок эле. Анткен менен азыр чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 14 жылдын жүзү болду. Молдо нике кыйып жатканда, жолдошумду тааныган да эмесмин. Ошондо өзүм аң-таң болуп эсимди жыйганча, махр суроо оюма да келген эмес. Кеч болсо да жолдошум: «Акыңды берип ыраазы кылайын. Махрга эмне алгың келет?» деп сурайт. Мен үчүн материалдык баалуулук эч нерсе деле чечпейт, бактылуу жашасак болду», — деди ал.

Ал эми болочокто турмушка чыга турган кыздардын бири — 20 жаштагы Алия Окенова төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен медицинадык колледжде окуйм. Ооба, мусулманчылыкта күйөөсү аялына махр берүүсү парз экенин устазалардан угуп калам. Албетте, мен да өз укугумду билип, турмуш куруу алдында, жолдошуман өз акымды тартынбай эле сурайм. Анткени кыз келин болуп барган үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө айланып, алардын урпагын улап, кызматын күнү-түнү аткарышат эмеспи. Андыктан аялзаты сый-урматка татыктуу.

Азыркы тапта махр суроодо айрыкча кымбат баалуу буюм же автоунаа сурагандар интернетке тарап, талкуу болуп жатат. Аялдын ыраазычылыгы бул сөзсүз түрдө материалдык баалуулук менен ченелбесе керек. Менин оюмча ал үй-бүлөнүн абалына да караш керек. Эгер бул салтка айланып кетсе, мырзалар үй-бүлө кура албай да калышы мүмкүн», — деди ал.

  • Махр — турмушка чыккан келинге никелешүү учурунда күйөөсү тарабынан берилүчү кайтарымсыз, баалуу белек. Махр талабы тууралуу Курандын «ан Ниса» (Аялдар) деп аталган сүрөөсүндө айтылган.

Белек нике окулган күнү берилеби же белгиленген мөөнөткө чейин тапшырылабы сүйлөшүүгө жараша болот. Бирок махр катары эмне талап кылганы, анын өлчөмү же баасы күбөлөрдүн көзүнчө айтылууга тийиш. Махрга кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, акча, алтын, баалуу таштар, турак-жай, автоунаа берилиши мүмкүн.

Махр катары берилген белек аялдын менчиги болуп саналат. Күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе же жубайлар ажыраша турган болсо, үйлөнүү үлпөт учурундагы белек аялдын менчиги болуп калат. Демек, бул жерде сөз кыргыз коомчулугуна сиңип калган калың түшүнүгү тууралуу болгон жок. Кыздын махры ата-энесине эмес, өзүнө берилет. Ал эми калың — бул күйөө тараптын колуктусунун жакындарына берүүчү тартуусу. Ар бир аймакта калыңдын өлчөмү, үлпөт тойдун жүрүшү айырмаланышы мүмкүн.

2019-жылдан тартып өлкө аймагындагы расмий имамдарга атайын бирдиктүү нике журналын иштелип чыккан. Ал эрежелер өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE