Пример HTML-страницы

Москва районунун 3 аймагына сугат суу келүүчү каналдын 700 метр жерине бетон төшөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы «Орто» суу чарба каналынын 700 метр жерине бетон төшөлүп, 3 айыл аймагынын дыйкандарын сугат суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу райондук суу чарбасынын башчысы Данияр Сатиев билдирди.

«Сокулук районундагы айылдан башталып, Москва районунун 3 айыл аймагына келүүчү » Орто » суу чарба каналынын жалпы узундугу 6 чакырымдай аралыкты түзөт. Андан райондун Александровка, Садовой жана Биринчи май айыл аймагындагы эгин талаалары сугат суу менен камсыздалат. 2022 -жылда анын 3 чакырым 77 метр жерин бүтүрүү мерчемделип, республикалык бюджеттен 7,5 миллион сом каралган. Учурда аталган суу чарба каналынын 700 метр жерине арматура менен тордолгон зым торлору ташталып, бетон төшөлдү. Бүгүнкү күндө сугат суу башталганга чейин мерчемделген ишти толук бүткөрүүү үчүн ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, суу чарба кызматкерлери дем алуу күндөрү да иштеп жатышат», -деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE