Пример HTML-страницы

Москва районундагы мал базарда баалар көтөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 29-майда, жекшемби күнү адаттагыдай эле Чүй облусунун Москва районунда мал базар өтүп, өткөн жумаларга караганда малдын баасы көтөрүлгөнү байкалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белгилүү болгондой, мал базар райондун борбору Беловодск айылында жайгашкан.

«Ар жекшемби күнү мал базарга келип, арзаныраак кой, козу сатып алам да, кийинки базарда сатып, бир аз болсо да киреше табам. Бүгүнкү базарда да малдын баасы кымбаттаганы менен алармандар өтө аз. Маселен, 1 айлык козу 6-7 миң, 1 жаш кой 15 миң, ал эми куйруктуу кочкорлор 20 миң сомдон да жогору. Ошондой эле улак, эчкилер да 7-10 миң сомдон суралууда. Уй, жылкы малдары сатыкка өтө аз түштү. Унаадагы эт жана сүт багытындагы 4 жаштагы уй 160 миң сомго ээси тарабынан суралып жерге да түшүрбөй турат. Себеби, эгер уй сатылбай калса, өз салмагын көтөрүп кайрадан унаага чыга албастыгын ал кардарларга түшүндүрүүдө», — деди мал алып сатуучулардын бири.

Жакындан бери мал базарга «Арашан», гиссар тукумундагы кочкорлор түшпөй жатканын да белгилеп, ачык асман алдында жайгашкан жайма базарда жамгырлуу күндө соода-сатык иштери жүргүзүлбөй жатканына нааразычылын да билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE