Пример HTML-страницы

Москва районунда баа кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы базарда кара өрүк алган кардарлар көп болуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына сатуучулар билдирди.

Мөмө-жемиш, жер-жемиштердин басымдуу бөлүгү райондун борбору Беловодск айылындагы базарда сатылууда.

Сатуучулардын айтымында, кара өрүктүн чакан чакасы 300 сомго, килограммы 90 сомго бааланууда.

«Күз келип, жергиликтүү мөмө, жашылча-жемиштер сатыкка чыгып, эл кышка камылга көрүп жаткан учуру. Учурда помидор 30 сом, болгар калемпири 60 сом, сарымсак 100 сом, пияз 25 сом, сабиз 45 сом, картошка 35 сом болуп жатат. Ал эми кара өрүк 90 сомго чыкты. Себеби базарда кара өрүк алган кардарлар көп. Анткени кышында кыямын чайга кошуп ичсе, даамдуу болот. Ошондой эле анын курамында калий көп болгондуктан жогорку кан басымды төмөндөтөт жана сөөктөрдү да бекемдейт», — деди соодагерлер.

Август айынын аягында Москва районунда кара өрүк 80 сомдон сатылып жаткан.

———————————————

Ал эми Талас шаарындагы базарда кара өрүк чекене баада 120 сомго чейин сатылып жатат.

«Учурда бизди кара өрүктүн баасы таң калдырып жатат. Быйыл Таласта үшүк эрте жүрүп, алча, кара өрүктүн түшүмү мол болбой калды. Ошондуктан аз болуп, кара өрүктүн 1 килограммын 110 сомдон алып, өзүбүз 115-120 сомдон сатып жатабыз. Былтыр бул маалда кара өрүк 20 сомдон болчу», — деди соодагерлер.

———————————————

Чүй облусунун Жайыл районундагы базарларда кара өрүктүн баасы 5 эсе арзандады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, август айынын аягында кара өрүктүн 1 килограммы 250-280 сомдон сатылып жаткан.

«Кымбат бааны быйыл Чүй облусунда сууктан, мөндүрдөн жана кургакчылыктан мөмөлөр жакшы түшүм бербегени менен түшүндүрүшкөн. Өткөн жумадагы эс алуу күндөрү кара өрүктүн 1 килограммы 50 сомго чейин түштү. Сатуучулардын көбү кара өрүк Кыргызстандын түштүгүнөн, анын ичинде Өзгөндөн алынып келгенин айтышты», — деди жашоочулар.

Айрым жашоочулар кара өрүктүн баасы 5 эсе арзандаганынан пайдаланып, ящиктеп алып жатышат.

Кара өрүк кайналы деп да аталат. Кайналы, кара өрүк — өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал. Бийиктиги 3-12 метр болот. Апрель-май айларында гүлдөп, август-сентябрда бышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE