Пример HTML-страницы

Мектепти таштап кете албаган Дастан агай (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 64 жаштагы тургуну Дастан Абдысаматов өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1976-жылы Бишкек шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган.

«1977-1978-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан «Чолпон» фабрикасында жумушчу болуп иштеп баштагам. 1978-жылы Ош мамлекеттик институтуна тапшырып, аны 1982-жылы аяктадым. 1982-жылдан азыркы учурга чейин мектепте мугалим болуп иштеп келе жатам. 40 жылдан ашык стажым бар. Азыркы учурда Талас шаарындагы №5 орто мектебинде кыргыз тил жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп жатам.

Атам да мугалим болгон. Кийин ал жогорку окуу жайларда иштер жүрдү. Философия илимдеринин кандидаты болгон. Кийин Ош педагогикалык институтунда иштеп, пенсияга чыккан», — деди ал.

Мугалим жубайы менен Ошто окуп жүргөн учурда таанышкан.

«Жубайым Лайликан Чомоева Оштун кызы болот. Азыр ал да ардактуу эс алууда. 1984-жылы баш кошконбуз. Быйыл 40 жылдын жүзү болду. Балдарыбыздын улуусу да 40 жашка жакындап калды. Жубайым экөөбүз Ошто окуп жүргөн кезимде, волейбол кружогунан таанышып калганбыз. Башында анын ата-энеси менен жолугушуп, Талас алыс болгондуктан алар кызын башка жакка бергенден коркушту. Андан соң гана жубайымды Таласка алып келип, баш кошконбуз. Экөөбүз тең бири-бирибизди түшүнүп, жашап келебиз. Экөөбүздүн 4 кыз 2 уулубуз бар. Азыр неберелерибиздин курчоосунда, бактылуу жашап жатабыз», — деди ал.

Каарманыбыз мугалимдик ишинде көп оорчулуктарды жеңгенин кошумчалады.

«Мугалимдик кесип, абдан сыйкырдуу. Бир окуя айтып берейин. СССР жоюлгандан кийин мугалимдерге айлык маяна берилбей, анын ордуна ун жана башка азык-түлүк берип башташкан. 6 айлап, 1 жылдап маяна албай иштеген учурларга туш келгенбиз. Ошол учурда кыйынчылыктар көп болду. 1992-1993-жылдардан 1998-жылдарга чейин кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Ошондо мугалимдердин көпчүлүгү мектепти таштап, башка кесипти тандап кете башташкан эле. Мен да алардын артынан мектепти таштайын деп арыз жазып чыгып кеткем.

Кийин 1-сентябрь болуп калды. Балдар мектепке кетип жатса, аларды көрүп алып аябай жаман болгом. Анан чай да ичпей, тамак да өтпөй калган. Жубайым сүйлөсө, анын сүйлөгөнү да жакпай эле, башкача болуп жүрдүм. Кыскасы булбулдун үнү жакпай калган. Ал кезде Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы лицей-комплексте иштечүмүн. Үйүм болсо №5 орто мектепке жакын эле. Балдарым да ошол мектепте окушчу. Анан 5-6-сентябрь күндөрү мектепке келсем, андагы директор болуп иштеген Гүлбү Бегалиева «эмнеге мектептен кетип жатасың? Мага завуч болуп иштеп келбейсиңби» деп айтып калды. Эч ойлонбостон эле арыз жазып жумушка кайтып келдим. Үйгө барсам, жубайым «Сага эмне болду? Бактылуусуң го. Бүгүн башкача болуп жатасың. Булбулдун үнү жакпай калды эле го! деп абдан тамашалаган. Ошондо үйгө абдан жакшы маанайда барыптырмын да. Мектептен кетүү абдан татаал экенин түшүндүм. Мектеп жана окуучулар менен иштөө бул өзүнчө керемет нерсе», — деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE