Пример HTML-страницы

Майлуу-Суу шаарында абал кандай? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы блидирди.

Маалыматка караганда, ӨКМден 21 кызматкер, 7 техника, (4 өрт өчүрүү унаасы, 1 бензовоз, 1 экскаватор, 1 трал), Майлуу-Суу шаардык жашылдандыруу чарбасынан 1 суу ташуучу унаа, 1 трактор, лампа заводунан суу ташуучу унаа, жалпы 21 кызматкер, 10 техника тартылды.

  • Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ошондой эле 3 өрт өчүрүү унаа жана 2 суу ташуучу унаа тарабынан сууга муктаж болгон шаар калкына суу жеткирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Учурда З.Кутманова, Заводская көчөлөрүнүн тургундарына өрт өчүрүүчү автоунаалар менен жалпы 6 каттам суу беришти.

ӨКМдин 1 экскаватору, Майлуу-Суу шаардык жашылдандыруу чарбасынан 1 трактордун жардамында Майлуу-Суу дарыясынан Майлуу-Суу лампа заводунун көлмөсүнө суу алып келүү үчүн казылган арык аркылуу келүүчү сууну көбөйтүү максатында дарыянын суусун буруу үчүн жасалган тосмону бекемдөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада лампа заводунун суу көлмөсүнө дарыядан суунун келүүсү көбөйдү. Тартылган техникалар тарабынан сайдын нугун буруу улантылууда.

Учурда №1 от казанда суунун басымы 1,5 атмосфераны түзөт (кечинде суу кайра төгүлгөн). Басым 3 атмосферасын түзгөндөн кийин калкка жылуулук берүү жүргүзүлөт.

Майлуу-Суу шаарынын сууга муктаж калкына жардам берүү максатында кошумча саат 13:30да 1 өрт өчүрүчү унаасы тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE