Пример HTML-страницы

Лейлектин акими менен Гафуров районунун башчысы жолугушту

Акыркы жанылыктар

Turmush18-19-сентябрь күндөрү Баткен облусунун Лейлек району менен Согди облусунун Б.Гафуров районунун жетекчилери жолугушту.

Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча, жолугушууга аким Алмазбек Рахманкулов, тийиштүү укук коргоо органдарынын жетекчилери, Тажикстан Республикасынын Б.Гафуров районунун аткаруу бийлигинин башчысы З.Давлатзода баштаган жетекчилер катышты.

«Жолугушууда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу, элдерди тынчтандыруу, ынтымакты сактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Азыркы учурда абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

———————————-

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 180ден ашык адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE