Пример HTML-страницы

Лейлекте катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бодо мал жана кой-эчкилерди агызып кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-июль күнү саат 15:00 чамасында Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн аймагында жаан жаап, Баул айылындагы сел келүүчү сай аркылуу сел суулары түшкөн. Ички чарбалык жол катары пайдаланылган сел аранын (сайдын ичи) айрым жерлери бузулган. 2 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.

Айыл өкмөт башчысынын маалыматына караганда, 1 бодо мал жана 4 кой-эчкини сел суулары агызып кеткен. Учурда сел суулары токтогон жана жол каттамы үзгүлтүккө учураган жок.

Жеринде ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирүү иштерине №13 жол тейлөө ишканасынан 2 бирдик техника тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE