Пример HTML-страницы

Лейлекте имамдар арасында сынак өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushРаззаков шаарында имамдар арасында сынак өттү. Бул тууралуу Лейлек райондук казыятынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун имамдарына «Мээрим пайгамбары Мухаммад алейхи салам» аттуу китептен сынак уюштурулуп жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду Тогуз-Булактын мечитинин имамы Эгембердиев Садирдин ээлеп, муздаткыч менен сыйланды. 2-орунду Фатих мечитинин имамы Исмаилов Закирбек ээлеп, электр меши менен, 3-орунду алган Шахмыр мечитинин имамы Жумабаев Таалайбек сыналгы менен сыйланды.

Калымкулов Калымкул жана Кузуев Халкожа аттуу молдолор атайын ардак грамота менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE