Пример HTML-страницы

Кыргызстанда жапайы өрдөктөргө жазгы аңчылык жүрүп жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда жапайы өрдөктөргө жазгы аңчылык жүрүп жатат.

Мергенчилердин айтымында, быйылкы сезон абдан ийгиликтүү өтүүдө. Жазгы аңчылык сезону 2024-жылдын 9-мартынан 23-мартына чейин созулат.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругуна ылайык, бул мезгилде жапайы өрдөктөргө атайын бөлүнгөн аңчылык жерлерде аңчылык кылууга уруксат берилет.

«Бул сезон көптөгөн мергенчилер үчүн ийгиликтүү болду. Алар мыкты олжолорго ээ болушту. Буга төмөнкү факторлор көмөктөштү — быйыл өрдөктөрдүн негизги учуусу аңчылык мезгилине туура келди. Булуттуу, жаан-чачындуу аба ырайы миңдеген мергенчилердин аңчылыкка чыгышына шарт түздү», — деп билдирет Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коому.

«Аңчылык ийгиликтүү өттү. Сокулук суу сактагычында өрдөктөр ушунчалык көп болгондуктан, күнүмдүк кармоо нормасын аткаруу он мүнөттө эле болду», — дейт мергенчи-спортчу Александр Сосин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE