Пример HTML-страницы

Кош бойлуу аял  кандай азыктарды колдонушу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushКош бойлуу аял дени сак баланы жарыкка алып келүү үчүн алгач өзүнүн ден соолугуна жана ичкен тамак-ашына көңүл буруусу зарыл.

Ат-Башы районундагы гинеколог Камила Машаллаеванын айтымында, кош бойлуу кезде туура тамактануу эң маанилүү болуп эсептелет.

«Эң биринчи тамактанууда суюктукту жетиштүү түрдө ичүү зарыл. Күнүнө 2 литр суюктук сунушталат. Бирок суюктук ичүүсү ал аялдын көлөмүнө жана физикалык активдүүлүгүнө, экологиялык шарттарга жараша болот. Сууну тамактын алдында, тамактан кийин ичүү зарыл. Кош бойлуу мезгилинде кээ бир аялдар ич катуудан кыйналышат. Ошондо клетчаткага бай азыктарды колдонууга болот. Алар тамакты жакшы сиңирет, ич катканда жардам берет. Кийинкиси кальцийге бай азыктарды колдонуу зарыл. Кальций кош бойлуу айымга абдан зарыл. Ал кан айлануу системасын жана булчуңдардын иштешин жакшыртат. Кош бойлуу кезде организм кальцийге муктаждыгы көбөйөт.

Кийинкиси деңиз продуктуларын, сүт азыктарын, жумуртка жеш керек. Себеби, бул азыктардын ичинде йод бар. Йод баланын нормалдуу өсүүсүнө жардам берет», — деди ал.

Анын айтымында, кош бойлуулук кезде жана эмчек эмизүү мезгилинде организмге Д витамини зарыл.

«Д витамини күндүн ультрафиолет нурларынын таасири астында денебиз тарабынан өндүрүлөт. Ошондой эле, бул витамин майлуу балыкта, кызыл этте жана жумуртканын сарысында болот. Кээ бир сүт азыктарда болушу мүмкүн . Андан ары баланын нормалдуу өсүшү жана өнүгүүсү үчүн фолиевая кислота сунушталат. Мындан сырткары, буурчак өсүмдүктөрүн, цитрус жемиштерин жеш керек.

Төрөттөн кийин темир керек. Темир элементи үндүк этинде, өзгөчө кызыл этте бар. Өсүмдүк азыктарынан буурчакта, кургатылган жемиштерде, алмада жана башкаларда бар.

Тез татымдарды жегенге, кофе ичүүгө болбойт. Эң негизги кош бойлуулукта туура, убактысы менен тамактануу керек. Дүкөндөн азыктарды сатып алып жатканда жарактуу мөөнөтүн карап алуу керек.

Кош бойлуулук кезде жаман адаттарды таштоо керек. Мисалы, тамеки чекпей, ичимдиктерди ичпей, чийки сүттөн абайлоо зарыл», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE