Пример HTML-страницы

Кочкордун тургуну Кабылбек Жумабаев байыркы кыргыз жазуусунун ариб тизимин даярдады

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун тургуну, филолог Кабылбек Жумабаев «Кыргыз билген кырк тамга» деп, байыркы кыргыз жазуусунун ариб тизимин даярдады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кабылбек Жумабаев Эгемендик күнгө карата маданият жана тарых күбөсү болгон жазуу шекилин сунуш кылууну туура көрдү.

К.Жумабаев 1999-жылдан бери кыргыздын тарыхый рун жазмалары менен алек болуп келе жатат. Орхон суусунун боюндагы Ал Күлтегин, Билге каган, Тонукөк эстеликтерин түп нускадан котормолоп, сөздүгүн түзүп, ар бирин китепче кылууга жетишкен. 2006-жылы Орхон суусунун боюндагы таш бетинде жазылган эстеликтеги жазууну «Манас» эпосунун мотивинде ыр түрүнө айландырып, «Күлтегин, Тунукөк» китебин жазган. Бул китеби Билим берүү министрлигин буйругу менен Талас, Ысык-Көл облустарынын мектептеринде кошумча окуу куралы катары киргизилген.

Белгилүү болгондой, Кочкордун Кара-Суу айылынын түштүк тарабындагы Көк-Сай тоосунун этегинен рун жазуулары табылган. Анын көчүрмөсүн Санкт-Петербург шаарындагы рун жазуусун изилдөөчү Сергей Кляшторный: «Эр адым-Адыг, он ок, йер Йарышмыз» деп окуган. Бирок Кабылбек Жумабаев болжол менен 8-9 кылымдарга таандык бул жазууну түп нускадан окуп чыгып: «Эки ок абы. Эр атым — Асуг унак (же Сагунак), йер йарышмаз» деп окуп, маанисин мындайча чечмеледи: «Эки тайпанын аң уулоочу жайы. Эр жеткендеги атым — пайдалуу (Олжо?) Ынак, жер бөлүшпөс».

Эми «Кыргыз билген кырк тамга» деп, ошол байыркы кыргыз жазуусунун араб тизимин, ариб тизимин даярдап, маданият жана тарых күбөсү болгон жазуу түзүмүн коомчулукка жарыялоо боюнча планы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE