Пример HTML-страницы

Кочкор районунда уурулукка шектелип 3 тургун кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор РИИБдин кызматкерлери уурулукка шектүү 3 жаранды кармашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 22-апрелинде Кочкор РИИБге Кочкор районунун 1978-жылы туулган тургуну Ж.Т. арыз менен кайрылган. Анда 22-апрелге караган түнү анын үйүнүн маңдайындагы кампанын жер төлөөсүнөн 100 килограмм тыбытты белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада ага 300 миң сом чыгым келтирилген.

Бул факт Кочкор РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор районунун тургундары — 1999-жылы туулган Б.У., 1994-жылы туулган К.Э. жана 1993-жылы туулган К.К. кармалып, жасаган күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.

Үчөө тең тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE