Пример HTML-страницы

Кочкор районунда эки айда олжолонгон карышкырлар менен чөөлөрдүн терилери комиссияга көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы мергенчилер тарабынан январь-февраль айларында олжолонгон карышкырлардын жана чөөлөрдүн терилери комиссияга көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мергенчилер тарабынан январь айынан бери олжолонгон 7 карышкыр, 28 чөөнүн терилери алынып келди.

Комиссиянын төрагасы, Кочкор районунун акиминин орун басары Турсунбек Бактыгулов, айыл чарба башкармалыгынын адиси Эсен Аблесов жана башкалардын катышуусунда терилердин кулагына бирка басылып, эсепке алынды.

Комиссия тарабынан карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысы, анын өлтүрүлгөн же атылган мезгили жана убактысы күбөлөндүрүлдү.

Мергенчилер Кылыч Осукеев 4 карышкыр, Өмүркул Туралиев 1 карышкыр, 3 чөө, Турат Мамбетсадыков 2 карышкыр, 3 чөө, Т. Осмоналиев 2 чөө, Шахтыбек Абиев 3 чөө, Марат Тентимишов 4 чөө, Н.Асанбаев 3 чөө, Жаныбек Куттукеев 7 чөө, Темирбек Осмоналиев 3 чөөнүн терилерин көрсөтүштү. Терилерге белги салынып, олжолоо боюнча акт толтурулуп, өкмөткө жөнөтүлдү.

Мергенчилердин айтымында, өкмөт тарабынан бекитилген чечим боюнча бир баш карышкыр аткан адамга 6 миң сом төлөнүп, 20 пайызы соцфондго, 20 пайызы салык үчүн кармалат. Колдоруна 4 миң 800 сом тиет. Бир чөөгө 2 миң сомдон төлөнүп, кармалгандан кийин колдоруна 1600 сомдон алышат.

«Карышкыр, чөө атуу үчүн күн-түндөп жүрүүгө туура келет. Талаага түнөп, суу кечүүгө туура келет. Минген аттын чөбү, тамак-аш, ок-дары керектелет. Төлөнгөн акча деле актабайт. Антсе да элдин суроосу менен жана жаныбарларды коргоо максатында карышкыр, чөөнүн санын кыскартып туруу үчүн чыгып турабыз», -дешет мергенчилер.

——-

КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.

2023-жылы Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр (702 000 сом), 98 чөө (196 000 сом), 2 бөлтүрүк (3000 сом) атылып, жалпы 901 000 сом мергенчилерге мамлекеттен сый акы катары төлөнүп берилген.

«Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 17 чөө (34 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом); Ат-Башы району боюнча 58 карышкыр (348 000 сом), чөө 6 (12 000 сом); Жумгал району боюнча 15 карышкыр (90 000 сом), 27 чөө (54 000 сом); Кочкор району боюнча 24 карышкыр (144 000 сом), 38 чөө (76 000 сом); Нарын району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 10 чөө (20 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом) атылып, сый акылары өз убагында которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE