Пример HTML-страницы

Кенжекан Жээнбекова үй камагына чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushИшкер Кенжекан Жээнбекова үй камагына чыкты.

Turmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдагандай, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 19-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү К.уулу Б.нын камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган.

Ж.К.Ш.га карата 2024-жылдын 23-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

————

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан базардын директору кармалганы карбарланган.

УКМК жетекчи дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп жүргөнүн билдирген.

«Жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалын пайдаланып, ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Болбосо контейнерди буза турганын айтып коркуткан. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, акча берүүгө аргасыз болушкан.

24-январдагы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5000 доллар которулгандан кийин Ж.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң 800 сом, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын «999» үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куйма жана 2017-жылы чыгарылган «Рейнж Ровер» унаасы табылып алынды», — деген УКМК.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE