Пример HTML-страницы

Кеминде кулаган дарак унаа жолду тосуп калды

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районунда шамалдын кесепетинен кулаган дарак Чым-Коргон менен Самансур айылдарынын ортосундагы жолду тороп калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Чым-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, шамалдан эч ким жабыркаган жок.

«Жолду тороп калган даракты дароо тазалап, алып салдык. Мындан бөлөк дагы дарактар кулады.

Мындан сырткары бала бакчанын, кээ бир үйлөрдүн чатырлары жабыркады. Самансур айылындагы мектептин, маданият үйүнүн чатырын жарым-жартылай сыйрып, спорт залынын чатыры толугу менен учуп кетти. Адамдардан эч ким жабыркаган жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE