Пример HTML-страницы

Караколдогу тоо лыжа базасындагы абал тууралуу комментарий беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы тоо лыжа базасына эс алууга келгендердин саны өсүп, аны менен бирге автоунаалардын агымы көбөйүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аймакта ЖКККБ кызматкерлери жол эрежесин сактоо, унааларды туура токтотуу, коопсуздукту камсыз кылуу, эс алуучуларга жолдо шарт түзүү, жол тыгындарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүдө.

«Азыркы учурда тоо лыжа базасында жана ага баруучу жолдо эч кандай жол тыгындары жок. ЖКККБнүн өздүк курамы тарабынан толук көзөмөлдөнүүдө.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул жайга баруучу бир эле жол бар. Мындай учурда айдоочулар маданиятты сактап, бири-бирин сыйлап, жолдо жүрүү учурунда автоунаа тыгындары сыяктуу маселелерге жол бербесе», — деп айтылат маалыматта.

3-январь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында унаа тыгыны орун алып, эс алуучулар нааразычылык билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE