Пример HTML-страницы

Караколдо милиционерлер чукул түрдө өлүкканага кетишти. Алар кимдин денесин текшерүүгө алышат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын эң бийик Хан-Теңири чокусуна чыгуу учурунда каза тапкан Мария Нечаеванын жансыз денеси Каракол шаарына алып келинди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, бүгүн, 8-август күнү саат 11:00 чамасында Каракол шаарындагы өлүкканага Башкортостан Республикасынын белгилүү альпинисти Мария Нечаеванын сөөгү алып келинди.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, учурда оперативдүү топ өлүкканага кеткендигин маалымдады.

  • Башкортостандагы тоо туризмин сүйүүчүлөрдүн баракчасында билдиргендей, кырсык 6-августта катталды. Мария Нечаева Уфа тобунун курамында Борбордук Тянь-Шандын Чыгыш бөлүгүндө татаалдыктын 6-категориясында жөө жүрүш жасаган.

Болжол менен саат 12:30да Хан-Теңири чокусунун түндүк тарабына түшүп келе жатканда, 5900 метр бийиктик жарылган. Мариянын сөөгү 5600 метр бийиктиктен табылган. Куткаруучулар тобу менен бирге Мариянын сөөгүн тик учак менен Каракол шаарына андан ары эвакуациялоо үчүн Түндүк Эңилчек базалык лагерине түшүрүштү.

Ассоциация Мария Нечаева тажрыйбалуу тоо туристи болгондугун, анын артында Ленин чокусу баш болгон көптөгөн жөө басып чыгуулар жана альпинизм, аскага чыгуу менен олуттуу алектенгенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE