Пример HTML-страницы

Каракол шаарында алгачкы жолу шайыр тапкычтар арасында мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын алгачкы жолу шайыр тапкычтар арасында мелдеш өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда шаардагы 8 мектептин окуучулары катышып, ат салышты.

Оюндун максаты — жаштардын чыгармачылык дараметин ачуу, шаардагы мектеп арасындагы ынтымакты чыңдоо, учурдагы коомдогу терс азгырыктарга балдардын азгырылышын алдын алуу.

«Балдардын тамашалары да билим-илимге, ынтымакка үндөө талабын койдук. Күйөрмандар өтө көп болуп, балдардын таланттын колдоп турушту. Мындан ары ар бир сезондо жылына төрт оюн өткөрөлү деп жатабыз. Чоңдор арасында лига жана жаштар лигасы болот», — дейт Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Илипбаев.

Жыйынтыгында Каракол шаардык мэринин кубогун «ВМ» командасы утуп алып, 30 миң сом менен сыйланды. 2-орунду «Тдеал» жана «Голден смайл» командалары багынтып, 20 миң сомдон алышты. Ал эми 3-орунду «Недагон» командасы камсыздап, 15 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE