Пример HTML-страницы

Каракол шаарында 150 жылдык тарыхы бар имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат(сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ленин көчөсүндө орун алган 150 жылдык тарыхы бар эки кабаттуу имаратты оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, имарат шаар менен жашташ келип, болжол менен 1880-жылдын башында жыгачтан курулган.

«Каракол шаар болуп өнүгө башатаганда курулган эң уникалдуу имарат болгон. Учурда да туристтер көп келип, анын жанынан сүрөткө түшүп кетишет. Анын жыгачтан аштап салынышы, кооздолушу өзүнчө керемет. Имарат маданий баалуулукка ээ болгондуктан Маданият министрлиги менен макулдашып, кыргыз реставрациясынан атайын кеңеш алуу менен иш башталды. Анын баштапкы уникалдуулугун сактап калыш үчүн 18-19-кылымдагы Россия жергесиндеги имараттар менен тааныштык. Ошол жылдары кандай сыр (краска) колдонгондугун эске алынды. Быйылкы жылы Каракол шаары — КМШ (көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрдүн маданий борбору болду. Негизи шаардын маданиятты биздин окуу жайлардын имараттарарынан башталат. Биринчи корпусубуз да тарыхый имарат, ал жер убагында эркек балдар гимназиясы болгон. Ал эми бул корпус кыздар гимназиясы экен. Биздин максатыбыз — Кыргызстандагы эң баалуу имарттаты сактап калып, аны келечек муунга жеткирүү», — деди И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледждин директору.

Имарат 1906-жылкы революцияга чейин кыз-келиндер гимназиясы болгон. Ал кезде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима Айтматова да ушул жерден билим алган.

1930-жылы калаада педагогикалык училища ачылган. Кийинчерээк ал жерде акыйкатчы, бейөкмөт уюмдары, суу башкармалыгы өңдүү мекемелер жайгашкан. Имарат талашка түшүп, 10го жакын соттук процесстер болгон. Учурда ал педагогикалык колледждин экинчи имараты.

Оңдоп-түзөө иштерине Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE