Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы жалгыз бой эне кызын күйөөгө берүүгө камданып жатканда чоң жоготууга кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун Киров айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 6 балалуу жалгыз бой эне тамсыз калды. Бул тууралуу үй ээсинин кызы Диана Кожоева билдирди.

Анын айтымында, өрт 28-июлда саат 16:00 чамасында чыккан.

«Биздин атабыз жаш кезибизде өтүп кетип, апабыз чоңойтуп жатат. Кондиционерден өрт чыгып, өрт өчүрүү кызматы келгенче үйүбүз жалындап кетти. Документ жана башкаларды алууга үлгүргөн жокпуз. Кара-Суу районунда бир гана өрт өчүрүүчү унаа бар экен. Ал 33 мүнөттө келип, 4 мүнөттө суу калбай, кетип калды. Ошол бойдон келген жок. Эл журт бар экен. Суу ташып, зорго өчүрдүк. 18 бөлмөлүү үй эле, 10 бөлмөсү күйүп кетти. Ушундай чоң райондо бир эле өрт өчүрүү унаанын бардыгы кантип болсун? 3-4 унаа болгондо үйүбүз сакталып калмак», — деди ал.

Диананын айтымында, апасы 2-кызын турмушка берүүгө камданып жаткан.

«Таенебиз да келген. Өрт чыкканда апам менен таенем эс-учун жоготуп жыгылып калышты. Мен 33 мүнөт ичинде өрт өчүрүү кызматына 60 жолу чалдым», — дейт ал.

Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Шырдакбек Искакуловдун айтымында, аталган өрт чыккан турак үйгө эки унаа тартылып, өрт өчүрүлгөн.

«Бизге кабар келгенде, алгач бир бригада жерине барган. Өрт чоң болгондуктан, Наримандагы экинчи бригаданы чакырдык. Эки унаа алмак-салмак суу толтуруп келип өчүрүп жатты. Бир жолу келип, андан кийин келбей койду деген жалган. Өрт толугу менен өчкөнгө чейин биздин кызматкерлер ошол жерде болушту», — деди Искакулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE