Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы дыйкандарды «ак алтындын» наркы түйшөлтүп жатат. Алар Кытайдан кардар күтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда пахта өстүрүлөт. Учурда Кара-Суудагы дыйкандар пахтанын алгачкы түшүмүн сатыкка чыгарышты.

«Оомат-Агро» чарбасынын башчысы Рустам Тажибаевдин маалыматы боюнча, пахтанын тоннасы быйыл 1600 долларга бааланып жатат.

«Акыркы баа ушул болду. Бир килограммы 60 сомго жетип-жетпей жатат. Азырынча жергиликтүү заводдор пахта ала элек. Былтыркы жылы пахтаны бир килограммы 70-75 сомдон болгон. Ал эми тоннасы 1700-1750 доллардан сатылган эле.

Иран Кашкар-Кыштактан 1600 доллардан бир-эки унаа пахта алган. Эми Кытай пахта алат деп күтүп жатабыз. Кытайлыктар пахта заводдордо [Кара-Суудагы пахтаны кайра иштетүүчү завод] жүрөт деп угуп жатабыз, бирок бизге келген жок. Пахтанын арзандыгы дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу болуп жатат окшойт. Негизинен биздин пахтаны Түркия алып, Европага сатчу. Биздин пахтанын сапаты коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы. Анткени пахтаны кол менен теребиз», — деди Тажибаев.

Пахта заводдун өкүлдөрүнүн айтымына караганда, «Ливерпуль» [Liverpool Cotton Association] пахта биржасында пахтанын баасы бекитилет. Була (волокно) сата турган атайын биржаларда наркы каралган соң гана пахтанын баасы аныкталат. Кыргызстандагы заводдор пахта баасын быча алышпайт.

Учурда пахтанын тоннасы орточо баа менен 1700-1800 доллар болуп жатканы айтылууда.

Кара-Суу районунда былтыркы жылы 6060 гектар жерге пахта өстүрүлсө, быйыл 5191 гектар жерге пахта эгилди.

Ал эми Аравандагы дыйкандардын айтымында, райондо пахтанын баасы түштү. Учурда 1 кг пахта 60 сомго жетпеген баага бааланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE