Пример HTML-страницы

Кара-Сууда ооруканага каза болгон адамдын сөөгүн алып келишкен. Ал кантип өлтүрүлгөнү белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 23-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Кенжекул айылынан белгисиз жаран каза болгон абалда Кара-Суу райондук ооруканасына алынып келгендиги боюнча билдирүү түшкөн. Бул маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда 23-июнь күнү саат 15:30 чамасында Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын кире беришинде ушул эле районго караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну — 26 жаштагы С.Ж. менен Савай айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну У.А.нын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болгону аныкталган. С.Ж. өзү менен кошо алып келген бычагы менен У.А.ны бир нече жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен У.А. ооруканага жетпей каза болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумга карата кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча 24-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголду. Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү С.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE