Пример HTML-страницы

Кара-Сууда 18 жаштагы кыз бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелип жатат. Сот аны камакта калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда инисинин өлүмүнө шектелип кармалган 18 жаштагы кыз эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-март күнү Ош шаардык сотунда шектүү А.А.нын баш коргоо чарасы каралды. Ал 2024-жылдын 25-майына чейин тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин Turmush Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелип жатканын жазган.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 25-мартында Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Коргон айылында кечке маал катталган. Анда 18 жаштагы кыз 10 жаштагы инисин кокосунан (моюнунан) мууздаган.

Анын кесепетинен иниси алган жаракатынан улам окуя болгон жерде, тактап айтканда үйүндө каза болгон.

Кийинчерээк облустук милиция бул маалымат боюнча комментарий берген. Белгилүү болгондой, 2024-жылдын 25-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында И.А. аттуу ѳспүрүм каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге жетекчилик менен тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2014-жылы туулган И.А.ны 2006-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган эжеси учтуу буюм менен моюн тарабына сайып алгандыгы маалым болгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эжеси А.А. кармалып, ага жана окуя болгон жерден далил буюм катары алынган заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган.

————————————————————————-

Эске салсак, былтыр дагы ушул сыяктуу окуя катталган. Тактап айтканда, 2023-жылдын 17-декабрында Ош шаарындагы Туран кичи районунда жайгашкан турак үйлөрдүн биринде 2014-жылы туулган баланын сөөгү табылган. Анын өлүмүнө шектелип 18 жаштагы бир тууган эжеси кармалган.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүү иниси тамак жебей койгондо көкүрөк тарабына сайып жиберген.

«2014-жылы туулган баланын өлүмүнө шектелип анын бир тууган эжеси — 2005-жылы туулган кыз кармалды. Шектүү инисинин көкүрөк тушуна ашкана бычагы менен сайып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон», — деп айтылган милициянын малыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE