Пример HTML-страницы

Кара-Суу шаарын башкарган мырзалардын арасындагы эки айым. 18 мэрдин тизмеси

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу шаарын буга чейин 17 мэр башкарган. Учурда 18-мэр болуп Бакытбек Жээналиев иштеп жатат.

  • Кара-Суу шаары Ош облусундагы райондук маанидеги шаарлардын бири. Ал Кара-Суу районунда жайгашкан. 2023-жылга карата калкынын саны 27 миң 149 адамды түзөт.

  • Кара-Суу аркылуу эл аралык маанидеги Бишкек—Ош—Үрүмчү (Кытай) унаа жолу, Жалал-Абад—Андижан (Өзбекстан) темир жолу өтөт. Шаардын негизги экономикасы — Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык райондордун кардарларды тейлеген Кара-Суу базары.

Кара-Суу шаарын башкарган мэрлер:

1. Мария Яковлевна Богданова 1960-жылдан 1961-жылга чейин иштеген.

2. Зоя Васильевна Ерошкина 1961-жылдан 1962-жылга чейин иштеген.

3. Акбар Абдуллаев 1963-жылга 1965-жылга чейин иштеген.

4. А.Х.Беганов 1965-жылдан 1970-жылга чейин иштеген.

5. Э.И.Ахметов 1974-жылдан 1975-жылга, 1978-жылдан 1980-жылга чейин иштеген.

6. Мамат Турдибаев 1975-жылдан 1978 жылга чейин иштеген.

7. М.А.Апышев 1980-жылдан 1981-жылга чейин иштеген.

8. Р.Самсаков 1981-жылдан 1985-жылга чейин иштеген.

9. А.Шеров 1985-жылдан 1990-жылга чейин иштеген.

11. Н.Н.Нурахунов 1990-жылдан 1992-жылдын аягына чейин иштеген.

12. К.У.Урманов 1993-жылдан 1994-жылга чейин иштеген.

13. Шаятов 1994-жылдан кийин башкараган ( канча жыл мэр болгону белгисиз);

14. Махмуд Рахимов 2006-жылы мэр болуп бир жыл толук иштеген.

15. Ахмад Рахимов 2007-жылдан 2013-жылга чейин иштеген.

16. Зарлык Тургунбаев 2013-жылдан 2017-жылга чейин иштеген.

17. Куттугалы Козубаев 2017-жылдын 11-октябрынан 2020-жылдын июль айына чейин иштеген.

18. Адыл Лолобаев 2020-жылдын июль айынан 2022-жылдын февралына чейин иштеген.

19. 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Бакытбек Жээналиев мэрлик кызматты аркалап келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE