Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаары «чоңойду». Шаардык кеңешке канча депутат кошулду?

Акыркы жанылыктар

Turmush5-мартта бириккен Кара-Балта шаардык кеңешинин уюштуруу сессиясы болуп өттү.

Жайыл райондук АШКнын төрагасы Нурадил Жумабаев 8 жаңы депутатты тааныштырды. Алар Кара-Балта шаардык кеңешине мурунку Калинин айылдык кеңешинен келишти. Депутаттар мөөнөтү аяктаганга чейин, тактап айтканда бир жыл шаардык кеңеште болушат:

Алдеева Айгүл Абдырасуловна, 1986-жылы туулган;

Бейшенбек уулу Айбек, 1999-жылы туулган;

Бошкоева Зарина Асылбашевна, 1977-жылы туулган;

Коңурбаева Нуркүл Эшимбековна, 1963-жылы туулган;

Мысаев Алмазбек Калыйнурович, 1996-жылы туулган;

Токтогул кызы Чолпон, 1977-жылы туулган;

Чокморова Мооркан Асановна, 1961-жылы туулган;

Абдусаматов Уларбек Кульманович, 1973-жылы туулган.

Ошентип Кара-Балта шаардык кеңешинде депутаттардын саны 39 депутатка жетти.

Н.Жумабаев ошондой эле административдик-аймактык реформанын (АТР) максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыгы кабыл алынган.

Эске салсак, Кара-Балта дагы облустук маанидеги шаар макамын алуу алдында турат.

Кара-Балта шаарына облустук макам берүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE