Пример HTML-страницы

Кадамжай шаарында улуттук оюндар өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай шаарында Улуу Жеңиш майрамына карата улуттук оюндар өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык активисттер билдиришти.

Алардын айтымында, көк бөрү, таяк тартыш, кыз куумай, эр эңиш, жаа атуу оюндары ойнотулууда.

«Бүгүн Улуу Жеңиш майрамына карата улуттук оюндар өткөрүлүп жатат. Азыр таяк тартыш оюну кызуу жүрүп жатат. Мында аялдар да келип, өз күчүн сынап көрүшүүдө. Мындан сырткары эр эңиш, жаа атуу, көк бөрү боюнча да мелдештер болуп жатат», — дейт жаачы, уюштуруучу Венера Узбекова.

Оюндар 1-майдан бери Полот хан айыл өкмөтүндөгү жаңы ипподромдо өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE