Пример HTML-страницы

Көп жыл бала күткөн Махабат Оморованын кыялы Орозо айында эки эсе орундалган

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районунун Төрт-Күл айылынын 47 жаштагы тургуну Махабат Оморова үч кыздын апасы. Биринчи төрөттөн кийин көптөн күткөн балдары эгиз болуп, учурда 16 жашка толгон Алтынай менен Жаркынай Асаналиевалар тууралуу айтып берди.

«Менин туугандарым тарапта дагы, жолдошум тарапта дагы эгиз жок. Негизи бир кыздан кийин төрөй албай жүргөм. Орозо кармап, ошондо Кудайымдан аябай сурандым. Орозо айынын акыркы күнү жолдошум түшүндө эгиз балдардын топусун таап алыптыр. Ошол Орозо айында Кудайымдын берген белеги болду.

Кош бойлуу болуп, 4 жума болгондо УЗИге бардым. Эгиз экен деп айтканда сүйүнүчтөн ыйлап жибердим. Андан кийин кафеге барып, эки табак тамак жегем. Себеби талгактан эч нерсе жебей жүргөм. Жолдошум жумуштан келгиче, жакшы кабарды ичимде сактай албай араң чыдадым. Келгенде сүйүнчүлөсөм, ишенбей койгон. Кийин 4 ай болуп кайра УЗИге түшкөндө гана ишенген, аябай сүйүнгөн.

Алтынай 1,900 кг, Жаркынай 1,700 кг болуп операция жолу менен төрөлүштү. Мүнөздөрү болсо бири-бирине окшошпойт, бири жоош, экинчисинин кыялы бар. Экөө окшош кийинет. Аларды атасы жумушта болгонуна байланыштуу жалгыз эле бактым.

Мен өзүм экөөнү айырмалайм, бирок кошуналар, туугандар, мектепте мугалимдери айырмалай алышпайт. Азыр 10-класста окушат. Сүрөт тарткан жагынан шыктуу, ар кандай сынактарда дайыма биринчи орунду алышат. Келечекте дизайнер болууну кыялданышат», — дейт Махабат айым.

Эгиз кыздардын апасы алардын кызыктуу окуялары жөнүндө да бөлүшө кетти.

«Бир жолу, 3-класста окуп жүргөн кездеринде чай даярдап тургулачы десем, аш-лянфуну ысытып, идиштерге салып, бизди күтүп жатышыптыр», — деп жылмаюу менен эстеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE