Пример HTML-страницы

Көчкү алдында калган С.Тайчыманов карышкыр атуудагы негизги эрежелерди айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushИйри-суулук мергенчи Сыртбай Тайчыманов үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери 2 карышкыр аткан. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Каарманыбыз 1985-жылы Нарын районунун Орук-Там айылында жарык дүйнөгө келген.

«Орук-Там айылында туулгам. Кийин ата-энем Ийри-Суу айылына көчүп келип, ошондон бери ушул жакта жашап келебиз. Билимим орто, дыйкан чарбанын мүчөсүмүн.

Чоң атам касиеттүү, кыйын мергенчи болгон экен. Илгери согуш маалында кийик атып келип, жалпы айыл элин баккан экен. Мага ошол атамдын касиети өтсө керек деп ойлойм. Биринчи жолу аңчылыкка 7-классымда чыктым. Ошол убактан тартып азыркыга чейин бул иш менен алекмин. Былтыр, 2021-жылы 3 карышкыр аттым. Ал эми быйыл январдан бери экини аттым. Айрымдар ойлогондой карышырды жөн эле жерден ата бербейбиз. Зыянын тийгизбесе, аны жок кылып алып эмне кылабыз. Эгер алар карапайым калктын малына кол салып, чыгымга учуратып жатса, аларды атууга чыгабыз», — деди Сыртбай Тайчыманов.

Ал аңчылыктагы коркунучтуу, кооптуу учурлары менен бөлүштү.

«Бир жолку аңчылыкта мен, анан дагы 2 мергенчи болуп бардык. Көчкү жүрүү коркунчу бар коктуда, кара зоонун бетинде кетип бара жатканбыз. Экөө өтүп, мен акыркы өтүп бара жаткам. Алдыдагы экөө өткөндөн кийин, мен коктунун ортосуна жеткенде көчкү жыла баштады. Анан алдыдагылар көчкүнү айтып кыйкырды. Ал кезде кайра артка кетүүгө мүмкүн эмес болчу. Анан бир чоң таш бар экен. Ага чуркап барып, түбүнө отуруп калдым. Ошентип көчкүдө калдым. Кардын жукалыгынан уламбы карды жиреп чыктым. Үстүмө 5 сантиметрден ашык эле кар топтолгон экен. Бирок, ошол эле адамды кысып коет экен.

2014-жылы кар калың түшкөн эле. Карышкырга аңчылыкка ат минип чыктым. Кырдан атты минип турган абалда кулап, карга кирип кеттик. Мен аттын үстүндө калыптырмын. Жылкыны карды казып отуруп алып чыкканбыз. Мындай коркунучтуу, кооптуу учурлар көп эле болот. Ошолорго карабай, элге пайдабыз тийсин, 1 кой болсо дагы короосунда калсын деп аракеттерди кылып келе жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, аңчылыкка чыгууда бир катар эрежелерди сактоо зарыл.

«Карышкырга аңчылыкка чыгууда бир топ эрежелерди сактоо керек. Алгач эле жыт, шек алдырбоо зарыл. Алар адамдан кийинки эле акылдуу жандык десем жаңылышпайт болушум керек. Баарын байкап, керек болсо адамды алдап да кое алат. Жытты, шекти 15 чакырым аралыктан эле билүү өзгөчөлүгү бар. Талаа-түздөн көрүнүп калбаш үчүн атайын кийимдерди кийиш керек. Мисалы, карда жүрсөк, баш кийимден баштап бут кийимге чейин ак кийүү зарыл болот. Эгер кийимибизден байкап калса, жашынып, маршрутун биз болжогондой эмес, таптакыр башка жакка буруп кетет. Анда эмгектин баары текке кетет. Ошондуктан карышкырга чыгарда болушунча масхалат кийип, кескин жыттардан алыс болуп, издерди жашырып жүрөбүз. Эң негизгиси чыдамдуу болуш керек. Себеби карышкырды бир канча сааттап күтүп, анан атабыз», — деди ал.

С.Тайчыманов үй-бүлөлүү, 5 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE