Пример HTML-страницы

Интернетке видеосу тараган жарандын үй-бүлөсү тууралуу жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushИнтернетке видеосу тарап, талкууга алынган жарандын жубайы милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 11-октябрь күнү социалдык тармактарга эркек киши видео чалуу аркылуу үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, балдарын сөгүп, коркутуп жатканы боюнча видео тараган. Видеодон «Жоголгула, ата дебегиле мени. Чалбагыла мага!» деп жатканын угууга болот.

Бул видео резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги тарабынан видеого катыштыгы бар жарандарды аныктоо тапшырмасы берилген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул жарандын өздүгү аныкталды. Ал — учурда Россия Федерациясынын жараны жана Москва шаарында жашаган 1987-жылы туулган М.М. Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Эшме айылында туулуп-өскөн.

Териштирүү учурунда М.М.дин үй-бүлөсү тууралуу да толук маалымат алынды. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жабырлануучу жашаган жерге барып, кароо жүргүзүп, тийиштүү иш кагаздары чогултулуп, 12-октябрда тергөөгө чейинки текшерүү иши катталган.

Аталган жарандын аялы, балдары учурда Ош шаарында жашайт. М.М.дин аялы арыз менен кайрылып, ал арыз Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталды. Жабырлануучу аял өз арызында 2013-жылдан 2020-жылга чейин М.М. менен чогуу жашап, эки балалуу болушканын, жолдошу бир нече жолу кол көтөрүп жүргөндүгүн, 2020-жылдан бери телефон аркылуу коркутуп келгендигин, 2023-жылы июль айында Россиядан Ошко келип, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып кетип калгандыгын билдирген. Анын айтымында, 2020-жылдан бери чогуу жашашпайт. Россияда экөө араздашып, жабырлануучу эки баласы менен ошол жылы Кыргызстанга келген. Расмий түрдө ажырашуу боюнча жабырлануучу аял сотко кайрылган. Сот отуруму боло элек. Ортодо 2017-жылы жана 2019-жылдары туулган балдары бар.

«Учурда аталган арыз боюнча ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат. ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте иш алынып барылат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE