Пример HTML-страницы

Иномжан Набижанов 5 тонна көмүр жагып, кышында да лимондорду өстүрүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Иномжан Набижанов короосунда лимон өстүрүп, киреше табууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы дыйкандан кабар алды.

Анын айтымында, учурда лимондун дүң баасынын 1 килограммы 220-230 сомго чейин Лейлек районуна эле сатылып жатат.

«Короомдун 6 сотых жерине күнөскана куруп, ичине лимон көчөттөрүн отургузгам, 5-6 жыл болуп калды. 2-3 жыл мурда кокус эле бир катуу суук болуп, ошол жылы үшүк алып, 1 жыл артка тарткан. Үшүк алгандан кийин кайрадан тамырынан өсүп чыкты.

Лимон көчөтүн өстүрүүдө негизгиси күн суукта күнөскананын ичиндеги жылуулукту бирдей кармап туруш керек. Суукка эле алдырып жибербесең жыл сайын түшүмүн мол берет. Лимондун асты бышып сатууга чыкса, артынан дагы гүлдөп жатат. 1 түп көчөтүнөн жакшы каралса, 150 килограммга чейин мөмө байлайт. Көчөтү 25 жылга чейин түшүм алат», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле учурда лимон көчөттөрүн сата баштаганын кошумчалады.

«Лимон көчөттөрүн 2017-2018-жылдары Тажикстандын Душанбе шаарынын Коргон-Төбө деген жеринен сатып келгем. Балам Кыргызстандын квотасы менен Душанбе шаарында окуйт. Анын сунушу менен ушул лимондун ушул сортун отургуздум. Даамы да, өңү да башкачараак болуп, мөмөнү көп байлайт. Ар бир көчөтү 450 сомдон туура келген. Азыркы учурда ушул лимондун көчөтүн көбөйтүп, өзүм да сатып жатам. Чоң-кичинесине карап, 800-1000 сомго чейин сатабыз.

Быйылкы түшүмдөн 800 килограммдан ашык саттым, дагы бышып жатат. Буйруса 5-6 тоннага чейин берип калат деген ниеттебиз. Өткөн жылы көпчүлүк аймактарда лимондорду үшүк уруп кетти. Күнөскананы жылуу кармап, ысык аба айдап туруучу меш кургам. Мешти Бишкектен 150 миң сомго алдыргам. Бир кышта 5 тоннага чейин көмүр жактым. Жылуу абаны айдап, тез арада күнөсканы жылытып берет. Ошентип көчөттөрдү сууктан сактап калдым. Жакын арада иним Абхазиядан ар бир көчөтүн 2800 сомдон болгон 400 даана мандарин көчөтүн алып келди. Ал көчөттөн мен да отургуздум. Лимон сыяктуу эле каралып, лимонго караганда суукка чыдамдуу болот экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE