Пример HTML-страницы

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКадрдык потенциал ички иштер органдарынын эң маанилүү ресурсу болуп саналат жана коомдогу негизги социалдык функцияны — мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоону чечүүгө көмөк көрсөтөт.

ИИМдин буйругуна ылайык, төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Улан Айтбаев дайындалды, ал буга чейин КИББнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.

Ушул эле буйруктун негизинде Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

Ал эми Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков ээлеген кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБлин башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE