Пример HTML-страницы

Хандардын жайкы ордосу болгон Орток тоо

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы Орток айылы эмне себептен мындай аталып калганына аймактык кабарчы кызыгып көрдү. Кочкор айылынын тургуну, фермер Болотбек Асанбеков Орток тоосунун аталышы боюнча мындайча түшүндүрмө берди.

«Алгач Ортоктун тоосу тууралуу айтсак. Картадан карасаң же жөн карасаң да бул тоо Күнгөй Ала-Тоосуна кошулбай бөлүнүп турат. Бери жагынан карасаң, Баба-Ата тоосу жайгашып, ага да кошулбай ортодо турат. Тоонун ар жак тарабында Шамшы, асты Кум-Дөбө айылдары жайгашкан. Бери жак тарабында Орток, Ак-Кудук, Комсомол, Дөң-Алыш айылдары жайгашып, ошол айылдарга тиешелүү ортодо турган тоо болгондуктан (жалпыга орток), Орток тоо деп аталган болушу керек. Ал эми Орток айылы жайык талаага жайгашып, тең ортодон орун алган. Кочкордо шамал көп болот. Шамал Кызарттын белинен жүрүп, Кызарттын оозундагы коктудан болот. Дагы бир шамал Сөөктүн коктусунан, үчүнчү шамал Ийри-Суунун коктусунан келет. Ушул үч шамалды Ортоктуктар көөрүккө теңеп, Үч-Көөрүк деп коюшат. Ушул үч шамал тең алгач Ортокко тийип, анан Кочкор өрөөнүнө тарайт. Мына ушул себептен да Орток айылы деп аталган», — дейт Болотбек Асанбеков.

Тарых иликтөөчү, Кум-Дөбө айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев: «Байыркы мезгилден эле Ортоктун тоосун бардык хандар жайкы ордо кылып, өрөөндөгү бардык кыймыл-аракеттерге көз салып турушкан.

Кара-Тоонун (Ортоктун) тоосун айландыра корутуп, бул жерде байыр алып жашаган кийик-бугуларды аттырбай, хандар кайтарткан. Кийик-бугулар Чүй суусунан суу ичип, кайра Кара-Тоого чыгып кетип турушкан. Түндүгүндө (Миң-Булак) Сарала-Саз, Ак-Бел түздүгүнө чейин оттогон жер болгон», — дейт.

Орток айылынын башчысы Райымбек Салбаров Орток тоосунда Зындандын тоосу аталган жай бар экенин, ал жерде Манастын зынданы болгонун айтты. Санжыра, тарых иликтөөчү, филолог Кабылбек Жумабаев Орток айылынын аталышы Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдары колхоз, совхоздор курулганда ортоктошуп иштөө жана мал-мүлктү ортого коюп, коллективдүү иштетешүү дегенден чыгышы мүмкүн дейт. Кээ бир айыл тургундары бул айылда бир нече уруу жашайт. Ошол уруулар ынтымактуу жашаш үчүн орток болсун, ортоктошуп (биргелешип) жашайлы деп, айыл аты Орток болгон дейт.

Чынында эле Кочкор өрөөнүндө Кыргыз Ала-Тоосунан бөлүнүп, орто жерде Ортоктун тоосу турат. Ал тоо Кара-Тоо деп да аталат. Тоонун үстүндө эл айтып жүргөн, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте Манастын ордосу бар. Ордонун четинде Аккуланын мамысы жана колго түшкөндөрдү салуучу ор (зындан) да бар. Ошол ор болгондуктан ор жайгашкан тоо деп жүрүп, ор тоо кийин Орток деп калышы да мүмкүн. Кароол чокудан караганда өрөөндүн бардык жагы алаканга салынгандай көрүнөт. Чыгыш жакка көз салсаң, Ысык-Көл тарап, түштүк-чыгышында Долондун бели тарап, түндүгүнөн Шамчы (Кашат) ашуусу, түндүк-батышынан Кызарттын бели, батышында Каракол, Сөөк өрөөндөрү көрүнүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE