Пример HTML-страницы

Гитарада кол ойнотуп, ар улуттун бийин мыкты өздөштүргөн караколдук Загира

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Загира Орозобаева гитарада ойноп, бий сынактарына катышып, бир топ ийгиликтерди багынтууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Орозобаева Загира Маратовна 1999-жылы 5-декабрда Түп районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 кыздын улуусу.

«Гитара негизи кооз аспап, өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан аны көп жаштар үйрөнгүсү келет. Өзгөчө мелодияны, пьеса үйрөнүп черткенде, абдан сүйүнүп каласын. Бул кубаныч дагы жаңы пьесаларды үйрөнүүгө түрткү берет. Ал жагымдуу келип, бардык сырыңды, кубаныч-кайгыңды ошол аспап аркылуу чыгара аласың», — деди ал.

Ал поляк гитаристинин чыгармачылыгын баалайт.

«Менин кумирим — поляк гитаристи Марцин Патжалек. Анын гитара ойногондору жана техникалары мени абдан кызыктырат», — деди ал.

Каарманыбыз февраль айында өткөн Д.Назарматовдун 80 жылдыгына арналган классикалык гитарачылардын республикалык сынагына катышып, 3-орунду алганын бул аспапта дагы ийгиликтерди жаратууга түрткү болгонун айтат.

Аспаптарда ойноо менен бирге ал кичинекей кезинен бери эле бий бийлейт. Кыргыз, орус, испан бийлерин бийлеп, ар кандай сынактарда ийгиликтерди багынтып келет. Ошондой эле чет элдик бийлери менен бирге тилин да өздөштүрөт. Кытай тилин 5 жыл аралыгында мыкты өздөштүрүп, бул тилде ыр ырдап, сынактарга катышып, байгелерге ээ болгонго жетишкен.

Ал учурда Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында 4-курста билим алат. Окууну Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук консерваториясында улантып, музыка тармагында терең билим алсам деп кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE