Пример HTML-страницы

Фермер У.Атабаев өз алдынча тууй албаган койлорго жардам берүүнүн жолдорун айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы Кара-Суу өрөөнүндө жашаган фермер Улан Атабаев «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду багуу сыры менен бөлүшүп, кеӊеш берди.

Буга чейин Улан Атабаев бир тууганы менен атасынан калган 300 койду улап, асыл тукум мал чарбага айландырганын айтып берген.

Ал сөздү быйылкы жылы туулган козулардын арткы туяктары эмне себептен шал болуп жатканынан баштады.

«Апрелде туут башталып, бирин-серин козулар арткы туяктары шал (булчуң оорусу) болуп, кулап башташты. Себебин былтыр жайыттар начар жана кыш узак болгонунан болжолдодум. Мындан улам койлор авитаминоз болду деп ойлойм. Башкача айтканда витамин жетишпеген маалда койлор бооз болчу. Козулар шал болуп, жыгыла баштаганда эле энелери менен бөлүп, «Е-селен» деген дарыны куя баштадым. Ошондо 1 козуга 0,5 миллилитр дарыны санына 2,5 миллилитрлик ийне менен сайдым. 3 күндөн кийин жакшы болуп, оюн салып калышты», — деди ал.

Фермер өзүнүн тажрыйбасына таянып, бооз койлордун козусун кантип аман-эсен туудуруп алыш керектигин айтты.

«Туут маалында тууй албай жаткан койлорго жардам берүү керек. Мындан жийиркенбеш керек. Алгач койдун көчүгүн карайсыздар. Эгер суусунун өӊү кара болуп калса, ал жакшы эмес. Тез арада жардам бериш керек. Туула турган козунун богу кара болот. Кой тууй албай жатканда козунун богу чыгып, суусу карайып кетет. Ал тууй турган койдун жана туула турган козунун кыйналып жатканынан кабар берет.

Кой эмне себептен тууй албайт? Козусу чоӊ же башы чоң болуп калганда, козу чыгып келе жатып, чекеси такалып калганда кой тууй албай кыйналат. Ошондо койдун шыйрагын тартып, кайра киргизип, кайра чыгаргыла. Ошондо көчүгү бир аз чоӊоюп, чекесин бери өткөрүп аласыздар. Ошону менен калган тулку бою чыгып кетет.

Дагы бир учур болот. Койдун козусу туура эмес келип, башы капталына кайрылып калат. Колду салып, козунун башын оӊдоого аракет кыласыздар. Анан акырын тартып, туудуруп аласыздар.

Айрым учурда козунун алдыңкы туяктары бүктөлүп туура эмес келет. Анда да колду салып, туяктарын оӊдоп, анан акырын тартып аласыздар.

Кой эгиз козуларды дагы тууй албай кыйналат. Экөө катарынан эмес, чогуу келип, анан кысылып туруп калышат. Колду салып, ыӊгайы келгенин биринчи туудуруп аласыздар.

Айрым учурда козу аябай чоң болуп калат. Андай учурда козуну кылдаттык менен тартып алыш керек.

Козу арткы туяктары менен келет. Анда колду салып, ошол бойдон эле туудуруп алган оӊ болот.

Кээ бир козулар туулуп жатканда эле 1 миллиметрдей тиштери болот. Тиштери энесинин көчүгүнө илинип калат. Колду салып, тиштерин чыгарып, анан туудурасыздар.

Кой такыр тууй албай кыйналат. Колуӊарды салсаӊар, ичи туюк болот. Мен андай учурда кичинекей бычак менен туюгун акырын козу өткөндөй кылып тешип алып, анан туудурчумун.

Негизи бул ыкмаларды үйрөнүп алсаӊыздар, көп козуларды сактап каласыздар. Койлорду бооз кезинде үркүтүп, чочутпаш керек. Чоочуп, үрккөн бооз койдун козусу туура эмес жатып алышы мүмкүн», — деди ал.

Телефон номурун катталуу менен ала аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE