Пример HTML-страницы

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кубогунда Жайылдын үч спортчусу байгелүү орунга ээ болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан жалпы 200 спортчу топтолду. Мелдешке Чүй облусунун Жайыл районунан машыктыруучу Руслан Атакеевдин жетекчилиги астында 10 спортчу катышты. Алмаз уулу Бекзат 57 килограмм салмакта 1-орунга ээ болсо, Адилет Жапаркулов 70 килограмм категориясында 2-орунду камсыздады. Ал эми Байсал Кубатов 92 килограмм салмакта 3-орунду багындырды.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эстелик медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE