Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө балдар эмгегин эксплуатациялоонун алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондо балдардын эмгеги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Көптөгөн иш берүүчүлөр балдарды жумушка алууда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен эмгек келишимдерин түзүшпөйт. Ал эми бул мамлекеттин эмгек мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузууну түшүндүрөт. Ушундан улам Ысык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясы балдардын эмгек укуктарын жана аларды коргоолушу боюнча бардык иш берүүчүлөрдүн эсине салат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, ар бир адам эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына жана эмгекти коргоого укуктуу. Ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу. Мыйзамда белгиленген минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн эмес эмгек акы алуу укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси мамлекетибиздин аймагындагы эмгек мамилелерин жөнгө салуучу негизги документ болуп саналат. 2-беренеде эмгекти жана мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери белгиленген. Мындан сырткары 10-беренеде «Мажбурлап эмгекке тыюу салуу» көрсөтүлсө, эң начар формаларда балдар эмгегине тыюу салуу баса белгиленген.

Жумушчулардын бул категориясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, учурда иштеп жаткан эмгек мыйзамдары жаш өспүрүмдөр менен эмгек мамилелерин каттоодо талаптарды белгилейт.

Эмгек мыйзамдарында 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр менен эмгек келишимин түзүүдө, иш берүүчү көрсөтүлгөн талаптарды сактоого милдеттүү болгон бир катар өзгөчө жагдайлар каралган. Ага ылайык, 16 жашка толгон өспүрүм жумушка алынат. Өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 15 жашка толгон өспүрүмдөр жумушка алынышы мүмкүн. 14 жашка толгон окуучулар ата-энесинин биринин (камкорчу, көзөмөлчүсү) же камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мектептен бош убактысында жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, ден соолугуна зыян келтирбеген жеңил жумуштарды аткарууга жана эмгек келишимин түзө алышат. Ата-энесинин (камкорчусунун, көзөмөлчүнүн) макулдугу жазуу жүзүндө (арыз) берилет, жашы жете элек бала менен бирге эмгек келишимине кол коюшат. 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр алдын ала милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана ишке кабыл алынат. Андан ары алар 18 жашка чыкканга чейин жыл сайын милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE