Пример HTML-страницы

Эльдар ЖРТда өзү күтпөгөн жыйынтыкты жаратты

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарындагы жеке мектептин бүтүрүүчүсү Эльдар Юсупжанов ЖРТнын жыйынтыгы менен «Алтын сертификатка» ээ болуп, мыкты делгендердин арасында 29-орунду ээледи.

«223 упай топтоп, 29-орунду ээледим. Чынын айтсам, жыйынтыгы мени абдан таң калтырды. Мен эки жүздөн кем эмес упай топтойм дегем. Анан жыйынтык чыкканда, мен өз көзүмө ишене албай турдум. «Кантип болсун? Мен тизмеде турамбы?» дедим. Анан бир саамдан кийин кубаныч келди. Ошондо «iPhone» алган сегизинчи класстын окуучусундай кыйкырып жаттым.

Азырынча конкреттүү эч нерсе айта албайм. Бирок мен чет өлкөгө чыгайын деп жатам. Буюрса, IT боюнча билим алам. Анткени бул келечектүү кесип деп ойлойм. Мага код менен иштөө абдан жагат», — деди ал.

Эльдар бул кесипти эмне себептен тандап калганын айтты.

«Беш жашымда «чоңойгондо президент болом» деп айтканым эсимде. Бала кезимде видео оюндарды абдан жакшы көрчүмүн. Ошого көп убакыт кетирчүмүн. Бирок атам аны жактырчу эмес. Бир жолу ал: «Элдар, сен эмне үчүн бул оюндарды дайыма ойнойсуң? Сага эч кандай пайдасы жок. Андан көрө оюндарды жасаганды үйрөн» деп, планшетиме C++ тилин үйрөнүү үчүн тиркеме жүктөп берди. Ошентип программист болууну чечтим. Программалоо менен алектенбесем, убактымды машыгууга, китеп окууга, гитарада бир аз ойноого, достор менен баарлашууга арнаганга аракет кылам. Ар кандай темадагы макалаларды жана эсселерди жазганды жакшы көрөм», — деди ал.

Каарманыбыз Токмок шаарында 2004-жылы туулган.

2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 57 бүтүрүүчү жогорку упайларга ээ болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл эң жогорку балл — 235. Аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды.

Экинчи орунга 231 упай менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко, 3-орунга 228 упай менен Бишкек шаарындагы К.Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE